www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин согуштук учактары Ливандын түштүгүндөгү бир нече аймакка абадан сокку урду. Жалпысынан 15тен ашуун авиачабуул жасалганын Ливандын Улуттук маалымат агенттиги (NNA) кабарлады.
Агенттиктин маалыматына караганда, бүгүн6 таңга маал Израилдин согуштук учактары үч толкун менен 14 аба соккусун жасаган. Анын ичинен 10 сокку Мейдун жана Джабур бийиктиктерине, 2 сокку Вади-Боргуз районуна, дагы 2 сокку Рейхан менен Лувейзе бийиктиктеринин ортосунда жайгашкан Касарат аль-Аруш аймагына тийген.
Кийинчерээк, агенттиктин билдиришинче, түнкү саат 3:00дөн кийин Иклим ат-Туффах аймагындагы Акмата – Лувейзе бийиктиктерине дагы аба соккулары жасалган.
Айрым маалыматтарга караганда, израилдик режим Ливандын түштүгүнө кол салууларда бункерди жардыруучу бомбаларды колдонгон.
Ливандын бийлиги Израиль ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге карабастан, республиканын суверенитетин системалуу түрдө бузуп жатканын бир нече жолу билдирген. Израилдин куралдуу күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү беш стратегиялык маанидеги пунктта, анын ичинде Гаджар айылына түндүк бөлүгүндө, аскердик катышуусун сактап калууда. Ливандын расмий өкүлдөрү муну өлкөнүн аймагын басып алуунун уландысы жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин №1701 резолюциясынын бузулушу катары баалашууда.
Ливандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын башынан бери Израиль Ливандын аймагына 4,5 миңден ашуун чабуул жасаган. Бул чабуулдардын кесепетинен 400гө жакын адам каза болуп, 680ден ашуун киши жаракат алган.
Израил армиясы өз кезегинде соккулар «Хезболла» кыймылынын аскердик инфраструктурасына жана анын куралдуу канатынын жетекчилерин жок кылуу максатында жасалып жатканын билдирүүдө.