www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Кубага кол салуунун куну болорун түшүнүшү керектигин, Гавана кол куушуруп отуруп бербестигин өлкө президенти, Улуттук коргоо кеңешинин төрагасы Мигель Диас-Канель Бермудес жар салды.
- Империализм өлкөбүзгө кол салуунун арты кандай болорун ойлонгудай кылышыбыз керек. Анын баары биздин согушка даярдыгыбыздын деңгээли менен байланыштуу, - деп билдирген президент.
Бул тууралуу ал Коргонуунун улуттук күнүнө карата өткөн иш-чаралардын алкагында танк бөлүгүнө барып, куралдын ар түрү пайдаланылган тактикалык окуу-машыгууларга күбө болгон учурда айтты.
Белгилей кетсек, Венесуэладагы аскердик операциядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Кубага сес көрсөтө баштаган. Аралда жайгашкан бул мамлекет мындан ары Венесуланын мунайын ала албай турганын да айткан болчу.