www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 16 январында Сокулук РИИБге Кожомкул айылынын тургуну 1986-жылы туулган Б.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган, ал арызында, өзүнүн айыл чарба багытында берилген, Сокулук районунда (мурун - Военно Антоновка, азыр - Кожомкул айылында) жайгашкан, жалпы аянты 3 гектар болгон № 295 контурдагы жер участогун белгисиз адамдар мыйзамсыз ээлеп алып, жердин максаттуу пайдалануусун бузуу менен курулуш иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу кайрылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Бул факт катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 212 беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Сокулук райондук мамлекеттик агенттиктин жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аталган жер участогу жер амнистиясына кирбестиги аныкталган. Жер участогу негизги максаттуу - айыл чарба жерлери болуп эсептелет.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында бул кылмышка тиешеси бар адам - 1961-жылы туулган Д.Г. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96 беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда Сокулук РИИБге ушул сыяктуу арыздар менен дагы 15 жаран кайрылып, материалдар катталып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Жогоруда аталган адамдын аракеттеринен жабыркаган жарандар Сокулук РИИБге кайрылып же төмөнкү телефон номурлары боюнча байланышса болот: 0997 777 993, 0705 818 182.
 

Последние новости