www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган «Тынчтык кеңешине» кошулбай турганын канцлер Фридрих Мерц Рим шаарында Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.
Мерцтин айтымында, сунушталып жаткан башкаруу түзүмү Германиянын Конституциясына шайкеш келбейт. Ошол эле учурда Берлин АКШ менен кызматташуунун жаңы форматтарын карап чыгууга даяр.
Италия да “Тынчтык кеңешине” кирүүдөн баш тартты. Премьер-министр Жоржия Мелони уюмдун уставы Италиянын укуктук системасына туура келбесин белгилеп, бул тууралуу Трампка расмий билдиргенин айтты. Бирок Рим маселелер чечилсе, катышуу мүмкүнчүлүгүн кайра карап чыгууга даяр.