www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мейманканалардын биринде кыз бычакталып, каза болду. Окуя тууралуу милицияга 26-январда саат 9:00 чамасында Кулиев көчөсүндөгү мейманканалардын биринен кабарлашкан.
Алдын ала маалыматка ылайык, жигит менен кыздын ортосунда спирт ичимдиктерин ичкенден кийин чыр чыгып, шектүү кызды бычактап жиберген. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Октябрь РИИБдин маалыматына ылайык, экөө узак убакыттан бери сүйүү мамилесинде болушкан.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, 2002-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.