www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык төлөөчүлөр алгачкы документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарга карата жоопкерчиликтен жана салык агентинин милдеттенмелерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, ал үчүн 2026-жылдын 1-мартына чейин электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынан тиешелүү электрондук документти тариздөө зарыл.

Маалыматтарды киргизүү үчүн esf.salyk.kg сайтындагы электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасына кирип, “Сатып алуу” бөлүмүн тандап, андан кийин ББЭД бөлүмчөсүнө өтүү керек.

Экрандын жогорку оң бурчундагы “Кошуу” баскычын басуу зарыл. Ачылган терезеден “Баалуу металлдардан жасалган баалуу зер буюмдар жөнүндө маалыматтарды киргизүү” талаасына белги коюу талап кылынат.

Көрсөтүлгөн параметрди тандаганда электрондук документтин негизги реквизиттери автоматтык түрдө түзүлөт. Салык төлөөчү Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 101 буйругу менен бекитилген эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибинин 19-пунктуна ылайык (Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 14-январындагы № 4 буйругунун редакциясында), документтин товардык бөлүгүн гана белгиленген тартипте толтурушу керек.

Белгилей кетсек, бул электрондук документти оңдоо мүмкүн эмес жана жараксыз деп таанылбайт. Ошондуктан, салык төлөөчү бардык маалыматтарды толук, так жана катасыз толтурууга милдеттүү. Анткени киргизилген маалыматтар милдеттүү түрдө эсепке алынат жана андан ары өзгөртүүгө же жокко чыгарууга мүмкүн эмес.

Последние новости