www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 20-декабрында Сокулук РИИБге С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аз тааныш А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Ал арызында, 2025-жылдын 2 ноябрында шектүү арыз ээсинин ишеничине кирип, анын 102 500 сомдук уйун сатып алган, бирок бүгүнкү күнгө чейин акчасын төлөбөй, мобилдик телефонун өчүрүп, качып жүргөнүн билдирген. 

Бул арыз катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери шектүү жаранды аныкташкан. Ал 1975-жылы туулган А.А. атту жаран экени аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө учурунда А.А. аттуу жаран Сокулук районунда бештен ашык ушуга окшош кылмыштарды жасаганы аныкталды. Учурда анын Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы башка окшош кылмыштарга катыштыгы текшерилип жатат.

Тергөө иштери уланууда.

Жогорудагы жарандын аракеттеринен жабыркагандар болсо Сокулук РИИБге же төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: 0997 777 993, 0705 818 182.
 

Последние новости