www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, кыргыз элинин бай маданий жана руханий мурасын сактоо жана жайылтуу үчүн, кыргыз элинин чыгаан уулу, залкар жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдык мааракесин татыктуу белгилөө максатында, анын дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө, маданияттар аралык диалогду бекемдөөгө жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтууга кошкон зор салымын эске алуу менен анын улуттук аң-сезимдин калыптанышындагы өзгөчө ордун таанып, 2028-жылдагы анын туулган күнүнүн 100 жылдыгы жакындап келе жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
1. 2028-жыл Кыргыз Республикасында Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети: – ушул жылдын аягына чейин мамлекеттик органдардын, илимий коомдоштуктун, чыгармачыл бирикмелердин, жарандык коомдун, чет өлкөлүк ишмерлердин жана эл аралык уюмдардын катышуусунда мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзсүн; – 2026-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин; – иш-чаралардын планын иштеп чыгууда төмөнкүлөрдү карасын: Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылында жайгашкан “Чыңгыз-Ордо” маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин “Айтматов ааламы” (“Вселенная Айтматова”) деп кайра атоону жана курулуш иштерин аяктоону; жогоруда аталган борбордун жана музей-комплекстин инфраструктурасын эл аралык маданий туризмдин стандарттарына ылайык келтирүүнү; Ч. Айтматовдун мурасын эл аралык таануу, анын ичинде чет өлкөлөрдө көргөзмөлөрдү, конференцияларды жана иш-чараларды тийиштүү жылга каралган республикалык бюджеттин чегинде, ошондой эле тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен уюштуруу боюнча аракеттерди күчөтүүнү; Ч. Айтматовдун 100 жылдыгын ЮНЕСКОнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында белгилөө жөнүндө маселени демилгелөөнү; адабият, философия, дипломатия жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтуу жаатындагы өзгөчө жетишкендиктер үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыкты уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүүнү; Ч. Айтматовдун мурасын изилдөөгө жана түшүндүрүүгө арналган илимий жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү; Ч. Айтматовдун чыгармаларынын академиялык жыйнагын мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде даярдоону жана жарыялоону; ата мекендик жана чет өлкөлүк кинематографисттерди тартуу менен Ч. Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көркөм жана документалдык фильмдерди жаратуу боюнча долбоорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну; мааракеге арналган кеңири масштабдуу маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүнү; Ч. Айтматовдун ысымын көчөлөргө, мектептерге, китепканаларга жана башка объекттерге ыйгарууну; “Тарыхый окуялар” сериясындагы 100 сом номиналындагы “Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы” коллекциялык алтын монетасын чыгарууну; аталган иш-чараларды республикалык бюджеттин алкагында каржылоону, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана эл аралык ресурстарды тартуу боюнча иштерди күчөтүүнү; мааракелик программалардын алкагында талаптагыдай координациялоону жана эл аралык кызматташтыкты, ошондой эле демөөрчүлүк жардамды жана тыюу салынбаган башка каржылоо булактарын тартууну камсыз кылууну.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.