www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын кезектеги аппараттык кеңешмесинде 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн «Калктын ишеним индекси» изилдөөсүнүн жыйынтыгын тааныштырды.

Өз сөзүндө ал бул мониторинг Улуттук статистика комитети тарабынан ар бир жарым жылда жүргүзүлүп турарын эске салды.

Изилдөө өлкөнүн бардык жети облусун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларын камтыйт, бул коомдук маанайдын өзгөрүшүн жана жарандардын мамлекеттик органдардын ишине болгон ишеним деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүндүк берет.

Адылбек Касымалиев 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча индекс тарыхый рекорд коюп, 46,2 баллга жеткенин баса белгиледи. Бул 2024-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 18% жогору.

«Индекстин мындай олуттуу өсүшү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий курска жана анын командасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларына калктын жогорку ишениминин түздөн-түз далили болуп саналат. Акыркы жылдары өлкөдө ишке ашырылып жаткан терең социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн сапаттык жактан жогорулашын жана алардын коомдун талаптарына багытталгандыгын ачык көрсөтүп турат», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

 Аппараттык кеңешменин соңунда Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине иштин темпин басаңдатпоону тапшырып, өлкөнүн экономикалык өсүшүн мындан ары да колдоонун жана жарандарды түйшөлткөн маселелерди ыкчам чечүүнүн зарылдыгына көңүл бурду.

Последние новости