www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы жубайы Асел Азаматова көп жылдар бою үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын ачык жарыялап, коомчулукта чоң резонанс жаратты. Анын айтымында, бул зомбулук системалуу мүнөздө болуп, кош бойлуу кезинде да улантылган.

Тредс социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Асел Азаматова Сулайманов менен 2016-жылы баш кошконун, алгач үй-бүлөлүк жашоо салыштырмалуу тынч болгонун, бирок эки жылдан кийин күйөөсү кол көтөрө баштаганын жазган. Ал балдарын атасыз калтырбоо үчүн көп жылдар бою зомбулукка чыдап келгенин белгилейт.

Элге үлгү болчу эл өкүлүнүн бул жоругунан соң, үй-бүлөсүнө оңдуу мамиле жасабай зомбулук, зөөкүрлүк кылган Элдар Сулайманов коомдун көйгөйүн чече алабы деген суроо жаралат. Эң негизгиси аялынын укук коргоо органдарына арыз жазып, акыйкат издегени эмне үчүн ушул күнгө чейин мыйзам чегинде каралбай келген? Депутаттык кол тийбестик алсыз аялды кордоого иштейби? Сулаймановда бет болсо, абийир болсо, депутат болуп отурууга моралдык укугу жоктугун айтып мандатын тапшырып бериши керек. “Чоң муштум, зөөкүрлөр” элге акыл айтып, мыйзамдын аткарылышын талап кылган кызматта отурганы акылга сыйбайт.

Последние новости