www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Нооманжан Аркабаев көз жумду

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нооманжан Аркабаев узакка созулган оорудан улам 25-январда 67 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары билдирип, сөөгү кичи мекени Баткен облусунда жерге берилерин кабарлашты.

Нооманжан Аркабаев 1959-жылы Баткен облусунда төрөлгөн. 2006-жылы Кадамжай округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2007 жана 2021-жылдары да парламентке талапкерлигин коюп, өтпөй калган.

Соңку жылдары адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип, президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү болуп иштеп жаткан.

Последние новости