www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тигүү тармагы акыркы айларда оор сыноого кабылды. Орусия чек ара көзөмөлүн күчөткөндөн кийин, жүздөгөн майда жана орто тигүү цехтери ишин токтотуп, миңдеген жумушчулар кирешесиз калды.
Ишкерлер экспорттун токтоп калышы жеңил өнөр жай тармагына оңбогондой сокку уруп, кризиске каптап, мамлекет тарабанын тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай, колдоо жок калышканына нааразы. Чынында учурда бир катар цехтер айлап товарын чыгара албай, карызга батты.
Кыргыз тигүү тармагы ондогон жылдар бою карго системасына көз каранды болуп келди. Бул система ишкерлерди бажы, салык, сертификация сыяктуу мыйзамдуу талаптардан коргоп турган. Натыйжада рынок тез өнүккөнү менен, тармак институционалдык жактан алсыз бойдон калды. Чек ара ачылып-жабылган сайын кризис кайталанып келген, бирок бул ирет Орусия “эски эрежелер” иштебей турганын далилдеди.
Бул жагдай Кыргызстандын тигүү тармагынын ички түзүлүшүндөгү кемчиликтерди ачыкка чыгарды. Документ жүргүзүүнү билбеген, расмий катталбаган, салык төлөбөгөн миңдеген цехтер укуктук көйгөйлөргө туруштук бере албай калышты.
Өкүнүчтүүсү, мамлекет бул көйгөйдү кеч аңдады. Башында убактылуу тоскоолдук катары кабыл алып, ишкерлер да, бийлик да күтүп олтуруп калды. Бирок кризис тереңдегенде гана комиссиялар түзүлүп, сүйлөшүүлөр башталды. Бул башкаруу системасында алдын ала анализдин жана тобокелдикти баалоонун алсыз экенин көрсөттү.
Ошол эле учурда бул кризис мүмкүнчүлүк да болуп жатат. Тигүү тармагы көмүскөдөн чыгып, ачык, мыйзамдуу иштөөгө аргасыз болууда. Салык жеңилдиктери берилди, документтештирүү тартиби жөнөкөйлөтүлүп жатат. Эми ишкерлер бул этаптан сабак алып, тармакты чындап реформалай алабы же жокпу деген мезгилдин талабына жооп бере алышабы, чоң маселе.
Эгер кыргыз тигүүчүлөрү атаандаштыкка жөндөмдүү болууну кааласа, каргого таянган эски модель менен кош айтышууга туура келет. Болбосо, рынок акырындап Өзбекстан, Кытай сыяктуу өлкөлөргө толук өтүп кетиши мүмкүн.
Кыргызстандын тигүү тармагындагы көйгөйлөр 2025-жылдын сентябрында Орусия жаңы салык мыйзамдарын кабыл алып, чек арадагы көзөмөлдү күчөткөндөн кийин курчуду. Былтыр 25-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келгенде да бул маселе көтөрүлгөн. Ал чек арадагы текшерүүлөр күчөтүлгөнүн ырастап, аны документсиз өтүп жаткан фуралардын жана көмүскө импорттун көбөйүшү менен түшүндүрүп, Орусия бюджети миллиарддаган рубль бажы төлөмдөрүн жоготконун айткан.
Бул маселеге байланыштуу 21-январда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бирок жолугушуунун мазмуну боюнча кеңири маалымат берилген жок.