www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 22-январында Базар-Коргон районунда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган «АгроЗооВет–2026» окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — дыйкан-фермерлердин жана айыл чарба тармагындагы адистердин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу, ошондой эле тармактагы актуалдуу маселелер боюнча кеңири маалымат берүү болуп саналат.

Семинарга Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Мал чарбачылыгы жана ветеринария департаментинин, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин, Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин адистери, министрликтин борбордук жана аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери, мамлекеттик банктардын өкүлдөрү, ошондой эле «30+20+10» долбооруна катышкан фермерлер жана кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери катышты.

Семинардын жүрүшүндө мал чарбачылыгын өнүктүрүү, ветеринария тармагын жакшыртуу, тоют базасын чыңдоо, мамлекеттик колдоо механизмдери жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Последние новости