www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа саясаты борборунун талдоочусу Мария Мартисиуте Доналд Трамптын Гренландияны алуу боюнча күч колдонуу жана тарифтерди киргизүү дымагын, саясатын сынга алып, мындан Орусия менен Кытай пайда табарын билдирди.
- Менин оюмча, Кытай менен Орусия көргөн көздөрүнө ишенбей турат. Европалыктар жана НАТО альянсы бөлүнүп жарылганы жана эң күчтүү үзөңгүлөшү тарабынан коркунучка туш болгону алардын эле кызыкчылыгына иштейт. Бул Орусия менен Кытай үчүн жакшы. Себеби бул Орусиянын Украинада жасаган ишин, Кытайдын Тайванга болгон дымагын кубаттайт", - деп айтты Мартисиуте.
Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Кая Каллас,
"Кытай менен Орусия жыргап жатышса керек", - деп жазган.
Белгилей кетсек, Трамп: "Биз Гренландияны коргошубуз керек. Болбосо Кытай менен Орусия келет. Мен аларды Гренландияда кошуна катары көргүм келбейт, андай болбойт", - деп билдирген.