www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда чакан ГЭСтин курулушунда эмгек акыны төлөбөө фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 26-декабрында Москва РИИБге жамааттык арыз менен райондун тургуну 1989-жылы туулган И.Э., кайрылган. Анын билдирүүсүнө ылайык, Г.А. аттуу жаран 2024-жылдан тартып Ак-Суу капчыгайында жайгашкан чакан ГЭСтин курулушунда бетон иштерин аткаруу үчүн 25–30 жаранды тарткан. Айлык акынын өлчөмү айына 50 000–60 000 сомду түзгөнүнө карабастан, 2025-жылдын декабрь айы үчүн эмгек акы төлөнгөн эмес.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө учурунда аныкталгандай, 1993-жылы туулган Г.А. аттуу жаран, 2024-жылдын октябрь айында субподрядчы катары оозеки макулдашуунун негизинде «А.Г.Э.» компаниясына таандык ГЭС-1 жана ГЭС-2 объектилеринде бетон иштерин жүргүзүүгө киришкен. 1 куб. метр бетон куюунун баасы 5 500 сом деп макулдашылган. Ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн Г.А.нын жубайы Э.К.нын наамына жеке ишкер катталып, Г.А.га ишеним кат берилген.

Иштерге 100гө жакын жергиликтүү тургун тартылып, аларга саатына 200 сомдон эмгек акы төлөнүп келген. Бирок 2025-жылдын ноябрь айынан 8-декабрына чейинки мезгилде болжол менен 25 жумушчуга эмгек акы төлөнгөн эмес.

Тергөөнүн жүрүшүндө, көрсөтүлгөн мезгилде 7 200 куб. метр бетон иштери аткарылганы, ошондой эле башка курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталды. «А.Г.Э.» компаниясынан Г.А. тарабынан алынган акча каражаттарынын жалпы суммасы 43 446 878 сомду түзүп, анын ичинен 3 115 000 сому салык катары төлөнгөн. 

Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Г.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Последние новости