www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Бото Күрөңкеев унутулуп, саны азайып бара жаткан төө багуу менен алектенип келет. Бул тууралуу Суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бул иш анын үй-бүлөсүндө муундан-муунга өтүп келген. Анын атасы 1980-жылдардан бери төө багып келсе, бүгүнкү күндө бул ишти уулу Бото Күрөңкеев улантууда. Төө багуу түйшүгү оор болгону менен, бул мал кыргыз тоолорунун шарттарына өзгөчө ыңгайлашкан. Төөлөр 40 күнгө чейин суу ичпей чыдай алат, 40 градус суукка жана 50 градус ысыкка туруштук берет. Мындан тышкары, жылдын төрт мезгилинде эти менен сүтү пайдаланууга даяр болгон пайдалуу мал катары бааланат.

Фермер төө чарбачылыгын өнүктүрүү максатында Нарын облусунан тышкары башка аймактарга да төө таратып, алардын санын көбөйтүү боюнча аракеттерди көрүп жатат. Ошондой эле кыргыз тоолорунун төө породасын жакшыртуу максатында Монголиядан башка тоо породаларын алып келип, аргындаштыруу иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Маалыматка ылайык, төөнүн эркек башы 400–500 килограммга чейин эт берет. Мындан сырткары, төө жүнүнө да суроо-талап бар. Анын жүнүнөн түрдүү кийим-кече токулуп, тигилип, дарылык касиети бар буюмдар жасалып, сатылууда.

Бул демилге өлкөдө унутулуп бара жаткан төө чарбачылыгын кайра жандандырууга жана мал чарба тармагын диверсификациялоого өбөлгө түзөт.

Последние новости