www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө кыз ала качкандар кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда 22 жаштагы кызды ала качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-июнга караган түнү саат 01:50 чамасында Кемин районунун Чым-Коргон айылында кыз ала качуу болду деген маалымат түшкөн.

Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, ичинде 2000-жылы туулган А.к.З. аттуу кыз болгон.

Кыз ала качууга шектүүлөр 1994-жылы туулган К.М.Б., жана автоунаанын айдоочусу Д.А.К. кармалып Кемин РИИБнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости