www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд облусунда ишкерлик менен алектенген 47 жаштагы ооган тектүү Германия жаранынын өлүмүнө айыпталган беш киши соттолду. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.

Маркум Незахат Каюуминин жубайы жабырлануучу катары сотко катышуу үчүн Германиядан учуп келди. Ал күйөөсү үчүн Өзбекстан мекени болуп калганын билдирди.

Маалыматка караганда, беш киши Каюми ижарага алган үйгө беткапчан кирип барышкан Алар үйдү электр жарыгынан, видеокөзөмөл камераларынан ажыратып, ага кол салышкан. Айыпталуучулар ишкерди союл менен чаап, колу-бутун сындырышкан. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган жана кийинчирээк жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Соттолуучулардын бири таксист болуп иштерин, алар ишкерден маңзат уурдоого аракет кылышканын айткан.

Башка бир айыпталуучу Германия жаранынын үйүнө мурда электрик катары барганын, иш учуруна анын үйүнөн ири суммадагы акча көрүп калганын айткан. Ал башка төрт шеригин чакырып, эки кап маңзат уурдоо планын билдирген. Бирок алар үйдөн акча табышкан эмес.

Самарканд облустук Жамбай райондук соту айыпталуучуларды "Уюшкандык менен каракчылыкка баруу", "Ден-соолукка атайлап оор зыян келтирүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Кылмыштуу топтун башчысы 19 жылга эркинен ажыратылып, анын үч шериги 16-18 жылга кесилди. Аларды маркумдун үйүнө чейин алып барган таксист 13 жылга соттолду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости