www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда кызды никеге туруу максатында ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-январда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Кожомкул айылынын тургуну 2007-жылы туулган С.А. аттуу жаран, арыз менен кайрылган. Арызында ал 2026-жылдын 13-январында болжол менен саат 00:30 чамасында өзүнө чала тааныш «Н» аттуу жаран жана анын таанышы келип, анын эркине каршы жана күч колдонуу жолу менен, никеге туруу максатында, “Step Wagon” үлгүсүндөгү автоунаага күчтөп отургузуп, уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык шектүүлөр аныкталып, кармалган: Б.Н., 2001-жылы туулган, жана Ш.Н., 2002-жылы туулган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы