www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз миграция каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары, ошондой эле аталган кылмыш ишине колдоо көрсөткөн КР Ички иштер министрлигинин айрым кызматкерлери кармалды.
Тактап айтканда, Кыргызстандын Т.И.А. жана Т.А.И. аттуу жарандары ИИБнын О.А.М. аттуу кызматкеринин колдоосу астында өлкө аймагына эч кандай уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн коңшу мамлекеттердин биринин жарандарын алып келишкен, ошону менен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз миграциянын туруктуу каналын уюштурушкан.
30-июлда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгү менен алектенип жүргөн 3 уюштуруучу жана чет элдик жарандардын ичинен 19 жалданма кызматкер кармалган.
УКМК чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясынын ушул сыяктуу каналдарына бөгөт коюу боюнча активдүү иштерин улантууда.