www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-июлда Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду Чолпон-Ата шаарында кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө бардык негизги тармактардагы, анын ичинде экономика, инвестиция жана маданият жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелери каралды. Камбарата ГЭС-1ди жана "Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан" темир жолун куруу биргелешкен долбоорлорунун алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысы боордош элдерди кылымдар бою жалпы тарыхы, маданий жакындыгы жана жалпы баалуулуктары бириктирип келгенин баса белгиледи. Бул контекстте Өзбекстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын расмий сапары – өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана бир туугандык мамилелердин жогорку деңгээлинин дагы бир ачык далили экенин белгиледи.

Өз кезегинде Бахтиёр Саидов Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун айтты.

Ошондой эле Өзбекстандын тышкы иштер министри Мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын ырастады.

Соңунда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жылуу салам жолдоп, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовго анын жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Последние новости