www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө мыйзамсыз медресе жабылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатысыз жана тиешелүү каттоосу жок өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эки «медресе» диний билим берүү мекемеси аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган медресенин ишмердүүлүгүн ИИМдин, ӨКМдин, СЭСдин, райондук мамлекеттик администрациянын, архитектура жана диний чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволор аралык комиссия комплекстүү текшерип, жыйынтыгында КР Дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулгандыгы аныкталды.

Ошондой эле, текшерүү маалында медреседе атайын окуу программасы жок 12 жаштан 15 жашка чейинки жашы жете элек 35 бала билим алып жатканы такталды. 

Учурда медреселердин ишмердүүлүгү токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди, ал эми мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү уюштуруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгүндө "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу" боюнча каралган санкциялар колдонулууда.

 УКМК балдарын диний окуу жайларга жөнөткөн ата–энелерди жана жарандарды медреселердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун алдын ала текшерүүгө, анын ичинде эсептик каттоого алуу, тийиштүү уруксат, лицензия жана белгиленген окуу программасынын бар-жоктугун текшерүүгө чакырат.

Последние новости