www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык спортчулар Олимпиаданын ачылышында

Кыргызстандын курама командасы Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу аземине катышты.

Ачылыш аземде 10 миңге чукул спортчу анын ичинде Кыргызстандын курама командасынын делегациясы Сена дарыясынан 6 чакырымдык маршрут менен кайыкта сүзүп өттү.

Дзюдочу Эрлан Шеров Кыргызстандын туусун көтөрүп өттү. Команданын капитаны Акжол Махмудов Парижге август айында өз оюну үчүн келет.

XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине Садыр Жапаров биринчи айым менен катышты.

Белгилей кетсек, 26-июлдан 11-августка чейин созула турган Олимпиада оюндарында 200дөн ашык өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу күч сынашат. Париж-2024 мелдешинин программасына спорттун 45 түрү киргизилген. Анда 329 медалдардын топтому ойнотулат.

Кыргызстандын атынан Олимпиадага 16 спортчу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге чыгышат.

Последние новости