www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-июлда нөшөрлөгөн жаандан жана мөндүрдөн улам Өзбекстандын Фергана районундагы айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу "Узгидромет" билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 25-июль күнү түштөн кийин Фергана районунун Шахимардан районундагы Куркул суусунун нугу менен сел жүргөн. Ал калкка жана аймакка зыян келтирген эмес.

Мындан тышкары нөшөрлөгөн жаан менен мөндүрдөн улам Фергана районундагы Шахимардан кыштагында сел жүрүп, жергиликтүү медициналык жайдын жана бир нече тургундун короосун кумга жана шагылга толтурган.

Ошол эле күнү Букан дарыясынын нугу менен Фергана районундагы "Ёрдон" маалесинде да сел жүргөн. Маалыматта ал калкка зыян келтирбегени белгиленген.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери аймакты кум-шагылдан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Селден каза болгондор жана жаракат алгандар жок экени кабарланды.

Буга чейин "Узгидромет" мекемеси 23-26-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөр жаандан улам Өзбекстандын төрт аймагында, анын ичинде Фергана районунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Последние новости