www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Сокулук районунда суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу жана коопсуздук талаптарын одоно бузуу менен газ куюу фактылары аныкталды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз иштеп жаткан үч соода түйүнү аныкталган. Алардын экөөнө автоцистерналарды калктуу конуштардын аймагынан чыгаруу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилсе, дагы бир объект боюнча кошумча документтер суралып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Мекеме өкүлдөрү калктуу конуштардын ичинде көчмө газ толтуруучу станцияларды жана автоцистерналарды жайгаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынарын эскертишти.
Айрыкча жай мезгилинде абанын ысышы өрт жана жарылуу коркунучун күчөтүп, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн.