www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
The New York Times басылмасы АКШнын чалгын кызматынын отчетуна таянып, Израилдин атайын кызматтары АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Пентагондун саясат боюнча орун басары Элбридж Колби сыяктуу жогорку кызматкерлердин байланыштарын көзөмөлдөгөн болушу мүмкүн деп жазды.
Маалыматка ылайык, АКШнын айрым чалгындоо документтеринде Израил тараптан келип жаткан контрчалгын коркунучу «жогорку» деңгээлден «критикалык» деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиленген. Документтерде Израилдин америкалык аскердик жана мамлекеттик кызматкерлер тууралуу маалымат чогултуу аракеттери сүрөттөлөт.
Ошол эле учурда Израилдин Вашингтондогу элчилиги бул маалыматтарды четке кагып, өлкөнүн чалгын ишмердүүлүгү союздаштарына эмес, өзүнүн душмандарына каршы багытталганын билдирген.