www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-январда болжол менен саат 14:43тө Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Таш-Дөбө айылындагы жашаган жеринен 1973-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерди кароо жана алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2026-жылдын 14-январында болжол менен саат 19:00 чамасында Ш.А. аттуу жаран өзүнүн үйүндө 1971-жылы туулган П.С., 1993-жылы туулган Т.У. жана З. аттуу жаарандар менен бирге спирт ичимдиктерин ичип отурганы аныкталган. Ортодо чыккан чыр-чатактын натыйжасында Ш.А. жана П.С. атту жарандар Т.У. жана З. тарабынан ар кандай дене жаракаттарын алышкан.
Ш.А.нын сөөгү дене жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн өлүкканага жөнөтүлүп, ал эми П.С. ар кандай дене жаракаттары менен Бишкек шаарынын №4 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилип, ооруканага жаткырылган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Т.У. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы