www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин жарлыгына ылайык, мамлекеттик басма сөз каражаттарын реформалоо башталды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев билдирди. 

Маалыматка караганда, буга чейин өз алдынча иш алып барып келген «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттери, ошондой эле «Байчечекей», «Кырчын», «Жеткинчек» журналдары кайра уюштуруудан өттү. Анын алкагында «Кырчын» жана «Жеткинчек» журналдары жоюлуп, «Кыргыз туусу» басма үйү түзүлдү. Ага «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери, жаңы уюштурулган «Ала-Тоо» адабий журналы жана «Байчечекей» балдар журналы киргизилди.

Бардык аталган басылмалар мамлекеттик камсыздоого өткөрүлүп, кызматкерлердин эмгек акысы толугу менен бюджеттен төлөнмөй болду. Ошондой эле атайын эсепке түшкөн каражаттан калем акылар кошумча берилет.

Реформанын алкагында мурда ар бир басылмада өзүнчө болгон жетекчилик жана административдик кызматтар бириктирилип, бирдиктүү башкаруу системасы киргизилет.

Жооптуу тараптар бул өзгөрүүлөр мазмунду кыскартуу же улуттук басылмалардан баш тартуу эмес, тескерисинче, мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, сапатты жогорулатуу жана басылмаларды модернизациялоо максатын көздөөрүн белгилешти.

Последние новости