www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ауди-С4» унаасын башкарган адам темир жолду кесип өтүүнү чечип, бирок үлгүрбөй калган. Натыйжада, поезд менен сүзүшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июль күнү саат 03:00дө Жайыл РИИБге Кара-Балта шаарындагы Кожомбердиев-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдо кырсык катталганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Жайыл РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Маалым болгондой, 1987-жылы туулган С.М. аттуу жергиликтүү тургун «Ауди-С4» үлгүсүндөгү унаасы менен Фрунзе көчөсүндө батыш тарапты көздөй баратып, шлагбаум менен жабылган темир жол өтмөгүнөн батыштан чыгышты көздөй бара жаткан тепловозду сүзүп алган. Тепловозду 1984-жылы туулган З.Т. башкарып бара жатканы аныкталган.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаасынын айдоочусу С.М. жана 1987-жылы туулган У.А. аттуу жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрадивдүү

Последние новости