www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын муфтийлер кеңеши улуттук кийим тууралуу чечим чыгарды. Анда тажик улуттук кийими сүннөт агымынын укуктук мектебинин талаптарына жооп берери, мындан улам тажик аялдарынын оронуусуна зарылчылык жок экендиги, хиджаб кийип чочун маданиятты пропагандалоодон узак болуу керектиги айтылган.

Мындан сырткары аялдарга чыпташкан, денени көрсөткөн жука, кара түстөгү жана дененин бөлүктөрүн көрсөткөн кийимдерди кийүү сунушталбай турганы да айтылды. 

Жогорудагы фатвада эркектердин кийими боюнча да нормала каралган.

Буга чейин март айында өлкө президенти Эмомали Рахмон аялдардын оронуп жүрүүсү боюнча маселе көтөрүп, муфтиятка 1 ай ичинде чара көрүүнү тапшырган. Ал эми июнь айында парламентте «чоочун маданиятка» тиешелүү кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Последние новости