www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда 2 миң түк чөп өрттөнүп кетти  Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-августка карган түнү ӨКМга Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылында короодо жыйылган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган айылдын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн короосунда болжол менен 2000 түк чөп жыйылган.

"Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 01:15те Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, 02:17де чектөөгө алынган. Такталган маалымат боюнча, Васильевка айылында короодо жыйылган чөптөн чыккан өрт саат 09:15те толук өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости