www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Байтиктин «резиденциясы» же элди кабыл алган жери  Боз- Бөлтөктүн этегинде азыркы мамлекеттик президенттик резиденциянын ордунда болгон экен. Байтик баатырдын үйү ошол жерге жайгашып, ал атайы орус топограф чакырып, келечектин камын ойлоп балдарга мектеп курдуруптур. Байтиктин көзү өткөн соң анын мурасын жоктотпой жүргөн балдары Байтиктин турган жери деп азыркы резиденция турган жерди байырлап турган. Байсалдан башка көптөгөн урпактар калган. Түгөлбай Сыдыкбековдун жубайы Байтиктин небереси. Совет бийлиги келип, Байтиктин «резиденциясын» тартып алып, үйүн бузуп, мектебин кулатып, коммунисттердин мамлекеттик резиденциясы кылып коюптур. Коммунисттердин доору бүткөн соң Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алып мамлекет башчылары бул жерди президенттик резиденция кылып алышкан. Байтиктин доорунан бери эле бир точкадан башкарылып келе жатыпбыз.

Чуңкурчак - Байтиктин конок кабыл алуучу жайы болгон. Баса, азыркы бийлик «Ысык-Көл» мейманканасын жоготуп, ордуна жаңы резиденция курган жатышат. «Ысык-Көл» мейманканасынын орду эгин талаасы болуп, Канайдын токолу эгин оруп жүрүп толготуп, Байтикти ушул жерден төрөгөн. Канай өз заманында мулжуңдап Кокон хандыгына баш бербей койот. Кокондуктар Канайдын көзүн тазалоого чоң аракеттерди башташат. Кантип өлтүргөнүн ким билет, эптеп Канайды ууландырып өлтүрүшөт. Жаш кезинде эле Канайды уулантып көзүн тазалагандыктан Байтик анын өчүн алууга шерттенип алат. Кийин мындай учур келет, Рахматтулладан Канайдын өчүн алат. Бишкектеги Байтиктин Кокон ханына каршы чыгышы бүткүл  Борбор Азияга стимул болгон. Бишкектен кийин Мерке, Чымкен, Олуя-Атада Кокон ханына каршы чыгышат. Бул уланып отуруп Ташкенге чейин жетип акыры Кокон хандыгы жок кылынган.

Архивдик документтерге көз жүгүртсөк. Бул маалымат 1885-жылга тийешелүү жана болуштуктун аталышы Талкан болушу деп аталып турат. Мына ушул тизменин ичинде Канайдын уулу Байтик менен катарлаш Байсалдын ысмы жүрөт. Талкан болуштугунун тизмесинде биринчи болуп айтылуу Байтик баатырдын, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары жазылган. Бул архивдик документте Байтик баатыр 1885-жылы 63 жашта экени, байбичеси Апар 47 жашта болгону, андан ары анын 10 төөсү, 400 жылкысы, 350 мүйүздүү малы, бак-шактары тууралуу маалыматтар берилген.

Байтик Канай уулу 1822-жылы туулган. Жангарач солтону бийлеп турганда карбоз уруусунан чыккан Кененсары  атасы Ботоканга  аш берип калат. Бир үйдө Бүтөш, Тилеш өңдүү ага-инилери Кожомберди, Шаабе баш болгон жигиттери менен Байтик отурат. Ушул ашта Байтиктин Көкшалкысы байгеге чабылып, биринчи келет. Бул күлүктү Жангарач өзүнө алдырып алат. Байтик байгенин барын Жангарачка алып барып берип, андан бата алат. Ошентип, солтонун бийлиги Байтикке өтөт. Байтик адегенде Кокон хандыгы менен өз ара ыңгайлуу дипломатиялык мамиледе болгон. Байтик  Пишпектин үстүндөгү Бас-Бөлтөктү жердеп турган. Бийлигин бекемдөө үчүн Чүйдөн Таласка көчүп барып жашап калышкан чоңчарыктардан чыккан манасчы Балыкоозду өзүнө чакыртып алган.

Көчмөн турмуштун шартында сабаты ачылбаган элге Балыкооз сыяктуу адамдардын кадыры кандай экендигин туура түшүнгөн. Көп маселелерди аны менен кеңешип турган. Ошол мезгилде Кокондун ханы Малла хан Жаңгарачты өз таасиринде кармап туруу үчүн кысмакка алып, жылкыларын салык катары айдап кетип, зордук көрсөтүп турган. Бишкек чебинин беги Рахматулла даткага каршы 1862-жылдагы көтөрүлүштүн башында Байтик турган. Солтонун баатырлары Дуулат, Көкүм жана Чойбек Рахматулланы жок кылган. Чүй өрөөнүндө өкүм сүргөн саясий кырдаалды туура баалаган Байтик жигиттери менен Пишпек чебин курчап алып, бир тууганы Сатылган аркылуу Верныйдагы орус генералы  Колпаковскийге жардам сурап кайрылган. Бул күрөштө Байтикке кеминдик сарыбагыштардын чоң манабы Жантай жардамдашкан. Пишпек чеби талкалангандан кийин Байтик 200 жигити менен Орусиянын аскерлерине кошулуп, Кокон хандыгынын үстөмдүгүнөн Олуя- Ата, Мерке, Чымкен чептерин бошотууга катышкан. Олуя-Атада багыш уруусунун манабы Сарымсак баштаган 1000 кыргыз Байтиктин жигиттерине кошулган. 1867-жылы  кыргыз урууларынын өкүлү катары падыша Александр IIнин Кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган. Орусия империясына кылган кызматы үчүн ага аскердик капитан даражасы ыйгарылып, Анна тасмасына тагылуучу Чоң алтын медаль, ыйык Станислав ордени жана каухар чөгөрүлгөн шакек менен сыйланган. Байтик элди уюштурууга жөндөмдүү, саясий маселелерди туура чече алган, өзүнүн алысты көздөгөн максаттарын ишке ашырууда элге алымдуу, кадыр-барктуу инсандарды колго ала билген адам болгон.

Тарыхта калган иш кагаздарынын беттеринде Талкан болуштугунун түтүн ээлери, алардын арасында айтылуу Байтик Канаев баштаган көпчүлүктүн тизмеси бар. Байтик 1886-жылы көз жумган. Мурунку жылы коңур күздө кыштоосу Ак-Чийге көчүп барып конот. Таңкы багымдат намазга туруш үчүн, даарат алганы бутуна көлөчүн коңултак салып чыгат. Камыштын чөңөрү көлөчтү тешип,бутунун баш бармагы менен манжасындагы балык этти жарып өтөт. Бул жараттан буту кабылдап, кыштай жабыркап ооруп, жазда кайтыш болот. Байтикке топурак салыш үчүн эл көп келген,жолдун эки жагында казганактап турган элден жол тийбейт. Табытты колдон-колго өткөзүп отурушуп, Ак-Чийден алып келип, Боз-Бөлтөккө коюлган.

Байтиктин ашында ат чабыштын баш байгесине солто элинин малы коюлат. Керкашка күлүккө чабыла турган болот. Казак саяпкери Керкашкананын үч кемчилиги бар экенин, ушул кемчиликтерин жойсо, ал байге бербесин айтат. Керкашка таштак жерден чуркай албайт, курч бычак менен аттын таманындагы өсүп кеткен жерди кесип салыш керек дейт. Экинчиси, керкашканын жумурунда  бир катуу каткан кумалак бар, ат катуу келатканда ошол кумалак өйүйт, ошондон ооруксуп, аттын жүрүшү басаңдайт дейт. Керкашканы кийиз менен ороп думбалап, катуу желдирип, Керкашканын денинен кызыл тер чыкканда, чукул бурса, кумалак ыргып кетет дейт. Үчүнчүсү, Керкашканын бир тери калыптыр дейт. Бул жашыруун сырды билип алган Байсал Керкашканын кемчилигин жоюп, Керкашка биринчи келип солтонун малы колунда калат.

Кыргыз Республикасынын Эл аралык Университети Байтик баатырдын ысымы ыйгарылат имиш деген сөз бар. Байтик эл агартууга сиңирген эмгектери зор, атайы орус топограф чакырып, келечектин камын ойлоп балдарга мектеп курдуруптур.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости