www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө тургун эки унаанын ортосунда калып, көз жумду

Чүй облусунда Кара-Балта – Бишкек жолунда болгон жол кырсыкта бир адам каза болуп, дагы бир киши ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 11-июнда таңкы саат 06:30 чамасында болгон. «Хонда Степвагон» чыгыштан батышты көздөй баратып, Садовое айылында жолдун четинде токтоп турган «Мерседес Бенц Спринтер» унаасын жана ага жүк салып жаткан адамды сүзгөн. Анын кесепетинен 37 жаштагы Ш.С. аттуу жаран окуя жеринде каза болгон. Ошондой эле «Спринтер» унаасы алдыда турган «Форд Транзит» унаасын сүзүп алган.

Андан тышкары «Хонда Степвагон» унаасында келе жаткан 25 жаштагы Г.К. аттуу жүргүнчү оорукана түшкөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости