www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футбол курамасына жаңы башкы машыктыруучу болуп россиялык адис Максим Лисицын дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен (КФБ) билдиришти.

КФБнын маалыматы боюнча, Лисицын 46 жашта. Ал Кыргызстанда иштеп жатканына 4 жылдын жүзү болду. 2022-жылы анын жетекчилиги алдында Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Ошондой эле ал өлкөнүн Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

Эми Максим Лисицынга Кыргызстандын курамасын дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү баскычына даярдоо милдети жүктөлдү.

Кечээ, 13-июнда Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитети Лисицынды башкы машыктыруучу кызматына бекиткен. Андан кийин КФБнын президенти Камчыбек Ташиев ал менен жолугуп, ишине ийгилик каалаган. Ташиев Лисицындын жетекчилиги алдында курама жакшы жетишкендиктерди көрсөтөт деген ишеничин билдирген.

КФБ Максим Лисицын менен келишимди бир жылга түздү. Жаңы башкы машыктыруучу кураманы дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин жетектейт.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын курамасын словакиялык адис Штефан Таркович жетектеп келген. Ал дээрлик 14 ай иштегенден кийин 13-июнда кызматтан кетти. КФБ Таркович менен түзүлгөн келишим аяктап жаткандыктан, ал менен иштешүүнү токтотууну чечкен. Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдында курама дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү баскычына алгач ирет чыгып, Азия кубогуна өттү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости