www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда автоунааны мыйзамсыз каттоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

2023-жылы С.А. жана Ж.Р. аттуу жарандар Япониядан «Lexus RX 330» үлгүсүндөгү автоунааны Кыргыз Республикасынын аймагына киргизип, аны запастык бөлүктөр катары декларациялашкан. Кийин автоунааны мыйзамсыз каттоого коюу жана сатуу максатында алар мурда жол кырсыгынан жабыркаган, жаран Н.И.нин наамына катталган ошол эле үлгүдөгү автоунаанын каттоо күбөлүгүн сатып алышып, ошондой эле жасалма нотариалдык документтерди даярдашкан.

Андан соң "Унаа" мамлекеттик мекемесинин адиси Ж.Б. менен кылмыштуу бүтүмгө келип, акчалай сыйлык катары 1 100 АКШ доллары өлчөмүндө, жалган документтердин негизинде маалымат базасына мыйзамсыз өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде автоунаалардын VIN-коддору алмаштырылган. Натыйжада автоунаа мыйзамсыз түрдө каттоого коюлуп, 7 000 АКШ долларына ак ниет сатып алуучуга сатылган.

Мындан тышкары, автоунааны алып кирүүдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу схемасы ишке ашырылып, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү учурда аныкталууда.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. 

Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин адиси Ж.Б. жана Ж.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

Последние новости