www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу тендер маселесине токтолуп, аталган жараян бардык ишке кедергисин тийгизип жатканына токтолду.
“Мектеп болобу, бала бакча болобу же социалдык багыттагы башка имараттарбы кандай гана курулуштар болбосун бардыгы тендерге байланышкан. Бирок элдин баары ошол тендерден тажады. Анткени, тендерди өткөрүү иши эки-үч айга создугуп, курулуш иштери кечеңдеген учурлар арбын. Ошондуктан, тендерге тиешелүү мыйзамдарды карап, аталган маселени толугу менен алып салышыбыз кажет. Тендер деген болбошу керек. Ошондо иштин тез жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө өбөлгө түзүлөт”,– деди Төрага.
Аталган маселе боюнча Президент менен да кеңешкенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетине тез арада тендерди өткөрүү жараянын жоюу багытындагы мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү талабын койду.
“Мындан эки жыл мурун да бул маселе көтөрүлүп, айтканбыз. Бирок көз боёмочулук менен кайра эле аталышы өзгөртүлүп, мааниси ошол бойдон калыптыр. Андыктан, аталган көйгөй тез арада чечилиши керек. Тендери жок эле курулуштар жүргүзүлүп, түз сатып алуулар болушу кажет. Эгер ошондо катачылыктар кетсе, тиешелүү мекеме жетекчилери өз баштары менен жооп берет”, – деп кошумчалады.