www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү Ирандагы нааразылык акцияларын айрымдар АКШнын, тактап айтканда Дональд Трамптын жаңы геосаясий чабуулунун бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Вашингтон Иранды аскердик коркутуулар, санкциялар жана маалыматтык басым аркылуу алсыратууну көздөп, бийликти ичинен кулатууга үмүттөнүүдө. 

Иранда социалдык-экономикалык көйгөйлөр бар экени талашсыз. Бирок бул нааразылыктарды Америка колдоого алган жалпы элдик революция катары көрсөтүү чекилик. Коом толук бөлүнгөн эмес, бийлик системасы бекем. Ал эми шахтын уулу Реза Пехлевини “элдик лидери” катары таңуулоо ирандыктардын көбү үчүн ишеним жаратпайт.

Арийне, Иран – тамыры тереңге кеткен байыркы цивилизациянын пайдубалын түптөөчүлөрдүн бири катары өз алдынча өнүккөн бакубат өлкө. Алыс барбай эле Ислам республикасы болгон дээрлик 50 жылга чукул мезгилден бери тышкы тынымсыз кысымдарга туруштук берип келе жатат. 

Андыктан АКШ же Израиль тарабынан оңой-олтоң күч менен режим алмаштыруу мүмкүн эмес. Себеп дегенде түз аскердик баскынчылык Трамп үчүн да коркунучтуу. Андай кадам Жакынкы Чыгышта көзөмөлсүз согуш отун тутандырышы мүмкүн. Бул дүйнөлүк геосаясий, экономикалык кооптуулук жаратат. Демек, Ирандын кыйрашы эч кимге пайда алып келбейт.

Последние новости