www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Таласбай кичи районунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу башталган. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Бүгүнкү күндө бетон даярдоо, колонналардын алдындагы пайдубалды куюу иштери толук бүтүп, ички бөлүгүн толтуруу жана ар бир катмарды тыгыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле имараттын жертөлө бөлүгүндөгү тирөөч дубалга арматуралоо иштери аткарылууда. Курулуш иштери 2025-жылдын ноябрь айынын аягында башталган.
Долбоорго ылайык, 750 орунга ылайыкталган мектеп 3 кабаттан турат. Окуучулар жана окутуучулар үчүн заманбап бардык шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 8 625,0 чарчы метр.
Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Мектептин долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.