www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 13-январында Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматына караштуу балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан райондун аймагында жайгашкан мектептерде жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралардын негизги максаты - окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.
Иш-чаралардын алкагында Москва РИИБдин кызматкерлери Александровка, Беловодское, Ак-Суу, Петровка жана Сретенка айылдарындагы мектептерде жогорку класстын окуучулары менен жолугушуп, укук бузууларды жасоонун оор кесепеттери, кылмыштуулуктун коомго тийгизген зыяны тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле окуучуларга укук бузуу жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралары эскертилди.
Мындан тышкары, окуучуларга коомдук тартипти сактоо, туура жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу, коркунучтуу кырдаалдардан алыс болуу, ошондой эле өз өмүрүнө жана келечегине кайдыгер болбоо боюнча насааттар берилди.
Бул сыяктуу алдын алуу багытындагы иш-чаралар жаш өспүрүмдөрдүн туура багытта тарбияланышына, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана укук бузуулардын алдын алууга багытталып, Чүй облусунун бардык аймактарында улантылууда.