www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, 2026-жылы Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүшүн улантат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын улук экономисти Бакыт Дубашов билдирди.
Анын айтымында, экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчү ички суроо-талап болот. Тактап айтканда, жеке керектөөнүн өсүшү, инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашы жана мамлекеттик чыгымдардын кеңейиши экономикага олуттуу түрткү берет.
- Биздин божомолдор экономика негизинен ички факторлордун эсебинен колдоого алынат деген негизге таянат. Реалдуу сектордо өсүш өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактары аркылуу камсыздалат, - деди Бакыт Дубашов.
Дүйнөлүк банктын баалоосуна ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда ички дүң продуктунун өсүү темпи болжол менен 6,5 пайызды түзүшү мүмкүн. Бул өлкө экономикасында оң динамика сакталып каларын көрсөтөт.