www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана Байтик-Баатыр айыл өкмөтүнөн түзүлгөн атайын комиссиялык топ Кашка-Суу айылында жайгашкан “Buggy Drom” багги-картинг объектисине текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аймакта квадроциклдер үчүн айдоо жолу уюштурулуп, ал автоунаа дөңгөлөктөрү менен тосулгандыгы аныкталды. Ошондой эле аймакта көмөкчү курулмалар - контейнер жана гараж жайгашып, алар техникаларды сактоо жана тейлөө үчүн пайдаланылып жаткандыгы белгилүү болду.

Маалым болгондой, айыл чарба багытындагы жерди электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок кабель тартылган. Текшерүү учурунда электр тогу өчүрүлгөн абалда болгон. Мындай аракеттер, ошондой эле жер тилкелерин максатсыз пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын одоно бузуу болуп эсептелет.

Ошондой эле объект тиешелүү долбоордук-уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткандыгы аныкталды. Мындан сырткары пайдалануу жана жайгаштыруу үчүн керектүү документтери көрсөтүлгөн эмес. Натыйжада, жазуу түрүндө расмий эскертүү берилип, бардык аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин “Buggy Drom” объектисинин ишмердүүлүгү токтотулду.

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көзөмөл улантылат жана мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Последние новости