www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО баш катчысы Марк Рютте CBS News телеканалына маек куруп, Украин президенти Владимир Зеленский Россия тарап менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирди.

"Лондондо Зеленский менен 1,5 саат сүйлөшүп отурдум. Ал макулдашуу түзүүгө даяр, биз мындан россиялыктар да кабардар болгонун билишибиз керек. Алар да кызматташууга даяр болушу зарыл", - деген баш катчы.
 
Рюттенин айтымында, Зеленскийдин эпке келүү ниетине украин жаңжалын эртерээк чечүүнү каалаган АКШ президенти Дональд Трамп таасир эткен болушу мүмкүн.

Трамп ага чейин Зеленскийдин тынчтыкка келүү ою жоктугуна таң калып жатканын билдирген. Америкалык президент Украина маселеси боюнча Зеленскийге караганда Путин менен иштешүү жеңилирээк экенин айткан.

Последние новости