www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө жөө адамды өлтүрө сүзүп, окуя жеринен качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 14-ноябрь күнү болжол менен саат 19:20да Бишкек – Нарын — Торугарт айланма унаа жолунун 54,5-чакырымында 48 жаштагы С. Э. аттуу жаранды унаа сүзүп, айдоочу окуя жеринен качып кеткен. Жөө жүргүнчү окуя жеринде көз жумган.

Жол милиция кызматкерлери ыкчам кармоо иштерин жүргүзүп, натыйжада шектүү катары 58 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалган. Андан кийин ал тиешелүү чара көрүү үчүн Ысык-Ата райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген

Айдоочунун унаасы айып короосуна токтотулган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости