www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында 2003-жылы туулган кыз милицияга чалып, “Нарын шаарынын борбордук базарынан мен тааныбаган бир адам эч себепсиз уруп-сабап жатат» деп билдирген. 

Аталган факты Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө, окуя болгон жерге бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу барганда, 2003-жылы туулган кыз 14-ноябрь күнү саат 10:40 чамасында “Чолук-Ата” соода борборунун ичиндеги банкоматтан акча алайын деп жаткан учурда кезек талашып болжол менен 30 жаштардагы эркек адам жаакка бир ирээт чаап, качса муштум менен башынын оң тарабына чаап, денесине жаракат келтиргенин айткан. Азыркы учурда, арыз ээсине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1992-жылы туулган жаран болгондугу аныкталды.

Кылмышка шектүү Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1992-жылы туулган жаран экени аныкталган. Анын айтымында, экөө банкоматка кезек талашып кетип, оозеки эки уруша кетип, уруп-сабап жибергенин айткан.  Ошондой эле шектүүгө 2012-жылдын 3-декабрында “Легкая деменция при эпилепсии” деген диагноз коюлган. Азыркы учурда кылмыш иши козголуп,тергөө иштери уланууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости