www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конгресс имаратынын алдында жасалган басма сөз билдирүүсүндө, Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Газадагы гуманитардык драмага жана ок атышпоонун тез арада түзүлүшүнүн маанисине көңүлдөрдү бурду.
Америка Кошмо Штаттарынын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү борбор шаар Вашингтондогу Конгресс имаратынын алдында маалымат жыйынын өткөрүп, «Газада ок атышпоо» чакырыгын салды.
Конгресс имаратынын алдында жасалган басма сөз билдирүүсүндө, Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Газадагы гуманитардык драмага жана ок атышпоонун тез арада түзүлүшүнүн маанисине көңүлдөрдү бурду.
Бул жерде сүйлөгөн АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Александрия Окасио-Кортес : «Ок атышпоо күнөөсүздөрдү коргоо дегенди билдирет, биз коркпойбуз»,-деп айтты.
Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Кори Буш да Газада 11 миңден ашуун кишинин каза болгонун, алардын үчтөн экиси аялдар жана балдар экенин билдирди.
Өз баласынын мөөнөтүнөн мурда төрөлгөнүн жана Газада ара төрөлгөн ымыркайларды көргөндө ошол күндөр эсине түшкөнүн түшүндүргөн Буш : «Өлүүгө калган ымыркайлардын жана вентилятордогу бейтаптардын өлүмү үчүн аза күтөбүз»,-деди.
Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жонатан Жексон Газадагы абалды: «Учурда дүйнөдөгү эң чоң качкын кризисин карап жатабыз»,- деп мүнөздөдү.
Палестина тектүү Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Рашида Тлаиб да Жо Байдендин администрациясын сынга алып, мындай деди: «Биздин өлкөдө миллиондогон адамдар азыр Байдендин администрациясы палестиналыктарды массалык түрдө жазалоону колдоп жатканын көрүп үрөйү учту, ал эми Израил өкмөтү суу, тамак-аш жана маанилүү медициналык жардамды бербей согуш кылмыштарын жасап жатат»,-деди.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жамаал Боуман да: «Менимче, Конгресс менен Ак үй зордук-зомбулук жагынан коррупциялашкан. Анткени антпесе Газадагы азыркы блокадага жана 4 миң бала менен палестиналык жарандардын массалык жазаланышына кантип жол бере эле?»-деп өз баасын берди.
Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 7-октябрдын таңында «Израиль палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месжид-и Аксага каршы тынымсыз бузууларына жооп берүүдө» деген негиз менен кеңири чабуулду баштаган. Израил армиясы да Газа тилкесине катуу абадан сокку уруп, бомбалоону баштаган.
Израилдин 7-октябрдан бери Газага кол салууларында көбү аялдар жана балдар болгон 11 миңден ашуун палестиналык каза болду.
Булак: "trt.net.tr"