www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 5-мартында Токмок шаарынын ИИБине 1981-жылы туулган Б.А. аттуу жаран Н.Ж. аттуу таанышына карата чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 3-мартында саат болжол менен 20:00 чамасында Н.Ж. анын Токмок шаарындагы үйүнө келген. Андан кийин аны «Жигули» үлгүсүндөгү автоунаага салып, Токмок шаарынын айланма жолунда, асма көпүрөнүн жанында жайгашкан дача тилкесине алып барып, бейбаштык ниетте жана физикалык күч колдонуп, денесине жаракат келтирген.

Аталган факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттин корутундусуна ылайык, жабырлануучуга ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 131-беренесинин (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелген, 1986-жылы туулган Н.Ж. аттуу жаран аныкталып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Жүргүзүлгөн тергөө иштеринен кийин Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.

Последние новости