www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулаймановдун жетекчилигинде 2026-жылдын 8-10-апрель күндөрү Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Жарандык коргонуу абалы бааланды.
Иш-чара Президент – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген пландын негизинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Жарандык коргонуу боюнча иш кагаздардын тизмелерин бекитүү” жөнүндөгү буйругунда каралган талаптардын аткарылышы текшерилди.
Анда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн байланыштын бардык түрлөрү менен камсыздоо, кабарлоо, эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү уюштуруу, согуш жана тынчтык мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдар шартында иш алып барууга даярдыгын текшерүү жана усулдук жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн каржылык жана материалдык ресурстардын көрөңгөсүн түзүү, Жарандык коргонуу жаатында окутуу иштерин күчөтүү, ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды баалоо жүргүзүлдү.
Искендер Сулайманов текшерүүнүн жыйынтыгы менен жарандык коргонуу системасын мындан ары өркүндөтүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана кызматкерлердин даярдыгын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маанилүү экенин айтты.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү иш-чаралар планы иштелип чыгып, аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу милдети коюлду.