www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө жаш жигит бычакталып, каза болду

Ысык-Атада спирт ичимдигин ичип отурган жарандар уруша кетип, бирөөсү каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-сентябрда саат 23:30 чамасында Кант шаарындагы 2 кичи райондо 3 киши спирт ичимдигин ичип отурушкан. Алардын ортосунда пикир келишпесик болуп, экөө эки бычак менен 2000-жылы туулган жаранды бир нече жолу сайышкан. Жаран ооруканага жеткирилген, бирок эсине келбей көз жумган.

Аталган факты боюнча ден соолукка оор залал келтирүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары 1987 жана 1990-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Тергөө уланып жатат.

Последние новости