www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү КР чегинен тышкары чыгууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.
2-сентябрда КР Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда УКМКнын «Ак-Жол унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайында «Дженго» каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши өлтүрүү менен соттолгон, 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.У.Ж кармалды.
«Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн алкагында, Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын октябрь айында криминалдык кошуундарды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралардын алкагында тинтүү-иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бул иш-аракеттердин натыйжасында, А.У.Ж.нын жашаган жеринен жашыруун алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ошондой эле ок-дарылар табылып алынган. Ошол кезде А.У.Ж. укук коргоо органдарынан качып кетүүгө үлгүргөн», — деп кабарлайт УКМК.
Азыркы учурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Ошол эле учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы А.У.Ж. жана уюшкан кылмыштуу топтордун башка мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштын мүмкүн болгон фактылары тууралуу: 0995 01-22-10 телефону аркылуу билдирүүнү өтүнө