www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, 3-сентябрда «Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинде жарыяланган.

Жарлыкка ылайык, 2024-2026-жылдарга министрликтердин, мамлекеттк комитеттин, административдик мекемелердин, президенттин жана өкмөттүн карамагындагы мамлекеттик органдардын, атайын макамга ээ мамлекеттик бийлик органдарынын, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү бийликтин штаттык санын көбөйтүүгө жана кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүгө мораторий киргизилет.

Ошондой эле аталган мамлекеттик органдардын жетекчилерине кошумча орун басарларды алууга тыюу салынат.

Ошол эле кезде айрым мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин саны, алардын айлыгы өзгөчө учурларда президенттин чечими менен көбөйтүлүшү мүмкүн.

Мындай чечим мамлекеттик бюджеттин акчасын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Жарлык 10-сентябрда күчүнө кирет

Последние новости